СЭИ инспекторлорунун кезектеги текшерүүсүндө Бейшеналиева көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан «Минутка» кафесинин айланасына курулуш таштандылары чогултулгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Минутка» кафесинин ижарачысы Субанов Н. атына КТК таштоого жол бербөө жөнүндө жана айланасын иретке келтирүү жана тазалыкты сактоо эскертүүсү берилди.