Бишкек шаарында БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен БУУнун Бишкек шаарында Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча Ыктыярдуу жергиликтүү серепти даярдоо боюнча маалыматтык-консультативдик жолугушуу болуп өттү.

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов ыктыярдуу жергиликтүү сереп ТӨМдүн жергиликтүү шарттарга адаптацияланышын олуттуу түрдө тездетүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

«Шаардын жашоо-тиричилигинин бардык тармактары маанилүү. Бирок, экология жана абанын сапатын жакшыртуу маселелеринин актуалдуулугун эске алуу менен Бишкек шаары экологиялык ТӨМ (6 – суу, 7 – энергетика, 13 – климат) жана ТӨМ 11, ал жалпысынан шаарларга арналган, биринчи ыктыярдуу жергиликтүү сереп киргизилген. Биз бардык кызыкдар тараптардын активдүү катышуусун күтөбүз, бул ишенимдүү маалыматтар менен иштөө, талкуу аянтчаларын уюштуруу, ТӨМдарды биздин жергиликтүү пландарга интеграциялоо жана башкалар», - деп кошумчалады К.Молдокулов.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө бир катар презентациялар жасалып, илимий коомчулук ТӨМдү ишке ашыруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Мындан тышкары, жарандык коомдон, ассоциациялардан жана калктын аялуу катмарынан келген кызыкдар тараптар ыктыярдуу жергиликтүү серептин сапатын жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды беришти.

Иш-чара БУУ-Хабитаттын, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин жана "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер" бүткүл дүйнөлүк уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Ыктыярдуу жергиликтүү сереп: өткөөл экономикасы бар Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү шаарларды жашыл, жашоого туруктуу жана туруктуу калыбына келтирүү үчүн күбөлүк" долбоорунун алкагында өттү.