Свердлов районунда Каражыгач токою паркынын аймагында жаңы балдар аянтчасы пайда болду.
Уюштурууну Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эльмир Досалиев колдоого алды.
Парктын эң жаш коноктору үчүн оюн аянтчасы турниктерден жана селкинчектерден турат. Ошондой эле ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн отургучтар жана таштанды челектери менен жабдылган. Эски аянтча демонтаждалган.
Белгилей кетсек, токойдун аймагында жарандардын ыңгайлуулугу үчүн таштанды челектерин бошотуу, тротуарларды жана жолдорду кардан тазалоо, майда жана авариялык бутактарды бутоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаар тургундары! «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы сиздерди шаардын мүлкүнө, ошондой эле анын жашыл аймактарына кам көрүүгө чакырат.