Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын арасында “Мамлекеттик тил жана улуттук нарк” жана “Үйрөнчүк манасчы” аталыштарындагы шаардык кароо-сынактарды өткөрдү.

Кароо-сынактарда кызматкерлер “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышып, улуттук нарк, каада-салттардан жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынан  сахналаштырылган үзүндүлөрдү аткарышты.

“Үйрөнчүк манасчы” сынагынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышты:
• Адилета Молдокулов - Октябрь райондук администрациясы;
• Калызбек Күрүчбеков – «Тазалык» муниципалдык ишканасы;
• Нуржигит Майкаов - Биринчи май райондук администрациясы;
• Изатбек Сейдибалиев - «Бишкексууканал» ӨЭБ;
• Көбөгөн уулу Баатыр - Свердлов райондук администрациясы;
• Шабдан Орозматов - Бишкек троллейбус башкармалыгы;
• Сыргак Бактыяров - «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

«Мамлекеттик тил жана улуттук нарк» сынагынын жыйынтыгы менен райондук администрациялар арасында орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

• Гран-при – Октябрь акимиаты;
• 1-орун – Биринчи май акимиаты;
• 2-орун – Свердлов акимиаты.

Муниципалдык ишканалардын ичинен:
• Гран-при – «Тазалык» муниципалдык ишканасы;
• 1-орун – «Бишкексууканал» башкармалыгы;
• 2-орун –  “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы;
• 3-орун – «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

Аталган иш-чара “Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 157 “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын, Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 31-январындагы № 25-т тескемеси менен бекитилген “Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылга иш планын” ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөө максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2023-жылдын 18-сентябрындагы “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында өткөрүлдү.