Бишкекте коомдук транспорттун айрым кыймылдары жарым-жартылай өзгөртүлдү.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде шаардык каттамдарды ачуу, өзгөртүү жана жабуу маселелери каралып, ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү автобустук каттамдарды жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды:
- №103 Ак-Ордо конушунан Чоң-Арык айылына чейин 22 бирдик пландуу чыгуусу менен;
- №6 Ак-Ордо конушунан Рухий-Мурас конушуна чейин 19 бирдик пландуу чыгуусу менен;
- №50 «Красный строитель» конушунан «Рухий-Мурас» конушуна чейин 20 бирдик пландуу чыгуусу менен.
Кичи маршруттук каттамдар да өзгөрдү:
- №172 каттам 12-кичи райондон "Учкун" конушуна чейин 18 бирдик пландуу чыгуусу менен;
- №201 «Ак-Ордо-3» конушу - айланма - 20 бирдик пландуу чыгуусу менен.
Эскерте кетсек, жогорудагы автобустар менен кичи автобустардын кыймыл аралыгы 10 мүнөт.
Урматтуу шаар тургундары! Коомдук транспорт боюнча кайрылуулар үчүн байланыш: 0502 20 52 02 (WhatsApp); Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору: 1850, 1840.