Абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ала-Арча дарыясынын нугунда муз тыгыны пайда болду.
Тыгындарды жоюу үчүн «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары ыкчам тартылган.
Тыгынды тазалоого 5 экскаватор, 4 «HOWO» унаасы, 2 фронталдык жүктөгүч, 1 ылай соргуч, 30 жумушчу тартылды.
Белгилей кетсек, бул жагдайды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жеке өзү көзөмөлдөйт.