Бишкек шаарындагы саркынды сууларды чыгаруу системасы суюк тиричилик калдыктарын натыйжалуу кабыл алууга арналган.
Көпчүлүк учурда шаардыктар канализацияны ар кандай таштандыларды утилдештирүүнүн универсалдуу каражаты катары колдонушат.
Көйгөй өзгөчө майрамдык мезгилден кийин, канализация системасына кирген тиричилик жана майрамдык таштандылардын көлөмү көбөйгөндөн кийин актуалдуу.
Урматтуу шаардыктар! "Бишкексууканал" өндүрүштүк - эксплуатациялык башкармалыгы жаңы жылдык каникул учурунда канализацияны пайдалануу эрежелерин эске алууну жана таштандыларды чыгарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Бул саркынды сууларды чыгаруунун тазалыгын жана натыйжалуу иштешин сактоо үчүн маанилүү кадам болуп эсептелерин эскертет.