Суук аба ырайы "Бишкексууканалды" суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо кызматтарынын алдына олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда. Абанын температурасынын кескин төмөндөшү жердин тоңушуна алып келип, шаардын аймагында иштерди аткарууну татаалдаштырды.
Суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарынын адистери күнү-түнү иштеп, пайда болгон авариялык кырдаалдарга каршы ыкчам күрөш жүргүзүп жатышат. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына аяздын терс таасирин азайтуу, ошондой эле экстремалдык аба ырайынан улам келип чыгышы мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн алдын алуу негизги милдет болуп саналат.
Суу менен камсыздоо жана канализация кызматкерлери суу түтүгүнүн, канализация тармактарынын бузулган жерлерин чектөө жана оңдоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшөт.
Шаар тургундарына сууну үнөмдөө режимин сактоо жана авария болгон жерлер табылса, суу жана канализация кызматтарына 1533 кыска номери аркылуу тез арада кабарлоо сунушталат.