Бишкек шаарында мэрдин орун басары Азамат Кадыров жана Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Уран Мусаевдин катышуусунда Ахунбаев көчөсү, 100 дарегинде соода объекти түрүндөгү кеңейтүү буздурулду.

Жеринде борбор калаанын мэриясынын кызматкерлери, «Бишкекбашкыархитектура» МИ, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Иштин жүрүшүндө, 40 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.  Буга чейин жогоруда аталган объектинин ээсине мыйзам бузууларды жоюу тууралуу билдирүү берилген. Ахунбаев көчөсү, 96/2 дарегиндеги «Ак түн» мейманканасынын жанында орнотулган 25 метр темир тосмо алынды.

Мындан тышкары,  Октябрь райондук прокуратурасынын буйругунун негизинде, жалпы аянты 98 чарчы метрди түзгөн темир тосмо алынган.

Буга чейин жетекчилик тарабынан комиссиялык кароо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотулган орнотуулардан, ошондой эле учурдагы мыйзам нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан тазалоо боюнча эскертүү кагазы берилген.

Тыналиева көчөсү, 2/18 дарегиндеги 175 чарчы метр «Бонус» дүкөнү ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулууда.

Урматтуу жарандар, ишкерлер! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз, эгер эреже бузуулар катталса Бишкек шаардык мэриясы демонтаждоо чараларын көрөрүн эскертебиз!