Биринчи май районунда диний мекемелерди текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Ички иштер башкармалыгынын, КР УКМК, МСЭКБ, "Бишкекбашкыархитектура" МИ, "Кадастр" БФ, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын, казыяттын жана РЭСтин өкүлдөрү катышышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында райондун аймагында жайгашкан диний мекемелердин документтерин жана жалпы санитардык абалын текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 2 мечит жана 1 христиан диний мекемеси убактылуу жабылган.
Ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ тарабынан 8 санитардык көрсөтмө жана 7 протокол жазылып берилген.
Мындан тышкары, Биринчи май райондук ИИБ тарабынан 4 административдик протокол түзүлгөн.
Эскерте кетсек, ведомстволор аралык комиссия диний мекемелерге талап кылынган нормаларга шайкеш келүү боюнча туруктуу негизде иш алып барууда.