Октябрь райондук акимиаты менен райондук прокуратурасы балдарга карата ырайымсыз мамиле жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүштү.
Иш-чара аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган "гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлүүдө.
Жыйынга күч блогунун, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун өкүлдөрү, психологдор катышып, "Шанс" жана "балдарга жардам берүү борборунун"өкүлдөрү чакырылган.
Социалдык блоктун өкүлдөрүнүн "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматы угулду. Балдарга жана башка аялуу үй-бүлө мүчөлөрүнө карата зомбулук фактылары жыл сайын көбөйүүдө.
Район башчысынын орун басары Чынара Жаныкеева аялдар менен кыздар көчөдө жана үйдө зордук-зомбулукка жана катаал мамилеге кабылып жатканын, бул адам укуктарын ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү үчүн олуттуу көйгөй жаратып жатканын белгиледи.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча ар бир МАБда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча бардык тиешелүү райондук кызматтардын, комитеттердин комплекстүү жана системалуу ишин активдештирүү жана турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча координацияланган өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу чечими кабыл алынды.
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болсоңуз, анда үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылыңыз: 51-03-75, балдарга жардам берүү борбору: 54 29 34, 44 25 10, 44 25 74 жана ишеним телефону: 111, 115.