Бишкек шаарында Кыргызстанда 2023-2024-жылдарга кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи өттү.

Иш-чара «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде өттү. Ачылыш аземге КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов катышты.

Жаш көркөм муз тебүүчүлөр конькиде өз номерлерин көрсөтүшүп, муз акробатикасынын чеберчилигин көрсөтүштү, ал эми хоккейчилер конокторго шайба менен трюктарды тартуулашты.

Туристтик сезондун ачылышында популярдуу ырчы-бийчилер да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чаранын катышуучуларына ар кандай сынактар жана байгелер ойнотулду.