Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде көйгөйлөрдү чечүү жана коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча жыйын өттү.
Департаменттин жетекчилиги шаардык каттамдарды тейлеген жүргүнчү ташуучу фирмалардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жыйындын жүрүшүндө кыш мезгилинде бардык коомдук транспорттордун пландуу чыгуусун көбөйтүү, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүүнү токтотуу пункттарында гана ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, биз жарандардын жолдордогу коопсуздугу боюнча маселени карап, коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын себептерин, ошондой эле автоунаалардын техникалык жана санитардык абалын талдап чыктык.
Борбордун транспорт тармагын жакшыртуу боюнча биргелешкен системалуу иштердин маанилүүлүгү белгиленди. Ишканалардын жана жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилерине коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилиги эскертилди.
Кыймылдуу курамды сапаттуу даярдоо үчүн Транспорт департаментинин кызматкерлери күн сайын автобустарды, троллейбустарды жана кичи автобустарды техникалык кароодон өткөрүп турушат.
Эгерде бузуулар аныкталса жана талаптар этибарга алынбаса, ошондой эле эртең менен жана кечинде пландалган чыгуулар аткарылбаса жана кыймылдуу курам көбөйбөсө, тейлеп жаткан маршруттук каттамдарга келишимди бузууга чейинки тиешелүү чаралар көрүлөт.
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти "БЖАИ" муниципалдык ишканасынын аймагында кичи автобустарга кышкы дизель май куюу үчүн көчмө май куюучу жайды тез арада уюштуруу чечимин кабыл алды.
Жыйындын жыйынтыгында жогоруда айтылган маселелерди тез арада чечип, жүргүнчүлөрдү тейлөө тартибин жана коомдук транспорттун айдоочуларынын жол эрежесин так сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.
Урматтуу шаар тургундары, жүргүнчүлөр! Департаментке тиешелүү суроолор боюнча төмөнкү номерге кайрылсаңыздар болот: 0502 20 52 02 (WhatsApp); Бишкек шаарынын мэриясынын колл- борбору: 1850, 1840.