«Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» акциясынын алкагында шаар мэриясы акциянын иш планын иштеп чыгып, бекиткен.
2023-жылдын 24-ноябрынан тарта Бишкектин ири соода түйүндөрүндө кеңири масштабдуу маалымат кампаниялары, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият мекемелеринде тематикалык лекциялар, флешмобдор жана челлендждер өткөрүлүүдө.
Ошондой эле, 2023-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарынын мэри тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан же анын курмандыктарына жол бербөө максатында 4 райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын начальниктерине аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн автоунаалардын ачкычтары тапшырылды.
Социалдык автомобиль Кыргызстандын аймагындагы жалгыз социалдык кызмат болуп саналат. Анын милдети зордук-зомбулуктан же ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга шашылыш жардам көрсөтүү;
- балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайдан шашылыш түрдө алып коюу жана балдарды Борборлорго жеткирүү;
- балдарды интернат мекемесине которууда, тергөө иш-чараларына, соттук териштирүүлөргө, медициналык текшерүүгө балдарды коштоп баруу;
- рейддер учурунда кайырчылык, селсаяктык менен алектенген аялдарды жана балдарды, кароосуз жана көзөмөлсүз калган жашы жете электерди аныктоодо шашылыш чыгуулар;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табуу боюнча шаардык жана райондук рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө чыгуулар.
Мындан тышкары, аялдардын жана балдардын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча ыкчам чара көрүү иш-аракеттеринин алгоритмин күчөтүү максатында Бишкек шаарында 2021-жылдын март айында Республикада жалгыз «Аялзат» үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балалуу аялдарга жардам көрсөтүү боюнча муниципалдык борбору ачылган. 2023-жылдын 10 айында «Аялзат» борборунда 167 кызмат алуучуга жардам көрсөтүлдү, анын ичинде: 61 аял жана 106 бала. 590 социалдык, 160 медициналык, 280 психологиялык, 100 юридикалык кызмат көрсөтүлгөн.
Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Зордук-зомбулуктун жана ырыймсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борбору тарабынан ушул мезгил ичинде 112 балага, анын ичинен, физикалык зомбулуктан жабыркаган - 46 балага, психологиялык зомбулуктан - 31, сексуалдык зомбулуктан - 35 балага жардам көрсөтүлгөн, ишеним телефонуна 201 чакыруу түшкөн, 355 психологиялык консультация өткөрүлгөн, 94 балага 113 реабилитациялык сеанс өткөрүлгөн, балдарды өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалдардан тез арада чыгаруу үчүн 263 социалдык унаада чыгуу жүргүзүлгөн.
Ошол эле учурда, тобокелдик тобуна кирген балдарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында, учурда Бишкек шаарында “Айданек” турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо жана “Акниет” турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борбору иштеп жатат. Бул борборлордо 82 бала бар.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен жана турмуштук оор кырдаалында турган аялдарга жана балдарга кызмат көрсөткөн кризистик бейөкмөт борборлорго жыл сайын колдоо көрсөтүп, анын ичинде «Мээримдүүлүк борбору» коомдук фондунун базасында 45 балалуу аялга күн сайын кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат, кызмат алуучуларга жергиликтүү бюджеттин эсебине жыл сайын 800 миң сом өлчөмүндө коммуналдык кызматтарга жана бир жолку ысык тамакка (кыш мезгилинде) төлөнүүчү каражат бөлүнөт.
Бишкек шаарында балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону күчөтүү максатында Бишкек шаарынын 4 районунда муниципалдык администрациялардын башчылары жетектеген балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча штабдар түзүлгөн, ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер иштеп жатат.
Шаарда турмуштун оор кырдаалында турган балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө:
- шаардык кызматтардын турмуштун оор кырдаалына туш болгон балдарды эрте аныктоо, зомбулуктун же ырайымсыз мамиленин фактыларына ыкчам чара көрүү, мыйзам менен чатагы бар балдар менен иштөө боюнча эскертүүлөр, инструкциялар, ыкчам аракеттенүү схемалары түрүндө механизмдер иштелип чыккан;
- социалдык кызматкерлердин функциялары кайра каралып, турмуштун оор кырдаалында турган балалуу үй-бүлөлөр менен иштеген үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүнө 24 социалдык кызматкер кошумча бекитилди;
- жалпы билим берүү уюмдарында “Ырайымсыздык жана зомбулуксуз балалык” маалымат такталары, иши балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого багытталган тийиштүү кызматтардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын телефон номерлерин, “102” жана күнү-түнү “111” ишеним телефонун көрсөтүү менен маалымат такталары таризделген;
- төрт билим берүү уюмдарында «Балалык институту» коомдук бирикмеси менен биргеликте балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн алдын алуу жана коргоо боюнча «Балдар үчүн коопсуз дүйнө» долбоору ишке ашырылган.