Бишкекте Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин базасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Бишкек шаарынын кубогу үчүн эл аралык турнирдин ачылыш аземи өттү.
Турнирдин ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов жана Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышты.
Белгилей кетсек, мелдешке төрт өлкөдөн 200гө жакын спортчу катышат.
Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.