Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында  Октябрь районунун №73 мектебинде волейбол оюну өткөрүлдү.

Беттешке Октябрь райондук администрациясыны социалдык бөлүмү жана мектеп окуучулары катышты.

Маалымдама: "гендердик зомбулукка каршы активдүү аракеттердин 16 күнү " - бул жыл сайын өтүүчү эл аралык өнөктүк, ал 25-ноябрда, аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь, Адам укуктары күнүнө чейин уланат.

Белгилей кетсек, аталган акция райондун бардык жалпы билим берүү уюмдарында жигердүү өткөрүлүүдө.