Жыл сайын Октябрь районундагы мектептин окуучулары "Мектеп лигасы"программасына катышышат.
Программанын алкагында Октябрь районунун билим берүү мекемелеринин уландар жана кыздар арасында гандбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Турнирге балдардын 8 командасы жана кыздардын 8 командасы катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында мыктылар аныкталды:
1-орун- 64- мектеп командасы;
2-орун – 73-мектеп командасы;
3-орунду - №3 жана №88 мектептери бөлүштү.
Кыздар арасында:
1-орун - 64-мектеп командасы;
2-орун- 88-мектеп командасы;
3-орунду- №3 жана №73 мектептери бөлүштү.
"Мектеп Лигасы" райондун жалпы билим берүүчү мектептеринде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын кеңири жайылтуу , окуучуларды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу максатында өткөрүлөт.
Гандболдон тышкары "Мектеп лигасы" программасы бул жылы спорттун дагы 11 түрүн камтыйт: кичи футбол, волейбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, ордо, нормативдер, бадминтон жана дартс.