Свердлов районунда "гендердик зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күнү" улуттук кампаниясынын алкагында Свердлов районунун жалпы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча завучтары, социалдык педагогдору жана психологдору үчүн тренингдер уюштурулду.
Тренингдер "Укук Булагы" коомдук фондунун колдоосу менен өткөрүлдү жана мурда зомбулуктун бардык түрлөрүн, анын ичинде бейбашчылыкты алдын алууга, ошондой эле өспүрүмдөр арасында суициддик каалоолорду аныктоого жана андан аркы иштерди уюштурууга багытталган.
Тренингдердин алкагында төмөнкү темалар каралды:
- балдарды зомбулуктан жана катаал мамиледен коргоонун заманбап механизмдери;
- балдарга карата зомбулук жана катаал мамиле (маңызы, түрлөрү, циклдери);
- баланын зомбулуктун курмандыгы экенин кантип аныктоого болот? (зомбулуктун белгилери, зомбулуктан аман калган балдардын абалынын жана жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү ж. б.);
- өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу (өспүрүмдөрдүн кыйынчылыктары жана девиациялар, протесттик реакциялар, педагогдордун өспүрүм менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү, кыздарга карата сексуалдык зомбулук).
Иш-чаралар Бишкек шаарынын Свердлов районунун мектептеринин педагогдорунун балдарга карата зомбулуктун жана өспүрүмдөрдүн суицидинин алдын алуу, ошондой эле жашы жете электер менен конструктивдүү өз ара аракеттенүү маселелеринде кесиптик компетенциясын жогорулатууга багытталган.