Теннис, паралимпиадалык жана күч спорту боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары “Майыптардын эл аралык декадасына” жана “Золотой заяц” долбоорунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган армрестлинг боюнча XXIV ачык турнирдин жеңүүчүлөрү болушту.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
Камчыбек уулу Эрлан (70 кг чейинки салмак категориясы, угуусу начарлар категориясы) – 1-орун, оң кол;
Токтосун уулу Бекболсун (60 кг чейинки салмак категориясы, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары категориясы) – 1-орун, сол кол, 1-орун, оң кол;
Евгений Нурматов (90 кг чейинки салмак категориясы, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер категориясы) – 2-орун оң кол, 3-орун сол кол.
Белгилей кетсек, мелдеш 2023-жылдын 8-декабрынан 11-декабрына чейин Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн. Турнирге КМШ өлкөлөрүнөн жана Россия Федерациясынын аймактарынан 700гө жакын адам катышты.