Бишкекте көрүнүктүү кыргыз жазуучусу, дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына  арналган Улуттук адабият күнү белгиленди.

Ала-Тоо аянтындагы эстеликке гүл коюуга Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери кошулду.

Бул күн Айтматовдун адабий мурасынын улуулугунун символу болуп, кыргыз жана дүйнөлүк маданияттын тарыхында өчпөс из калтырды. «Ак Кеме», «Кыямат», «Жамийла» сыяктуу атактуу чыгармалардын автору адам баласынын гармониясын, карама-каршылыктарын чагылдырган терең темалары менен окурмандарды шыктандырат.

Адабият жана жазуучунун чыгармачылыгынын күйөрмандары Айтматовдун элесин эскерип, анын чыгармачылыгын келечек муунга өткөрүп берүү үчүн чогулушту.