Октябрь районунда диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссиялык кыдыруу жыйынтыкталды.
Текшерүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында ишке ашырылды.
Комиссиянын курамына Октябрь райондук администрациясынын, МАБдардын, УКМКнын, РИИБнин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, МСЭКБнун, Мамэкотехинспекциянын, «Бишкекбашкыархитектура» МИнин, Бишкек казыятынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана РЭСтин кызматкерлери кирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө диний иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамдуу документтер жана уруксат кагаздары, мекемелердин жалпы санитардык абалы жана өрт коопсуздугу текшерилди.