Мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында кошумча 50 автобус каттамга чыгарылды. Бул ишкана тарабынан каттамдагы аралыкты 7-8 мүнөт камсыз кылуу жана сактоо максатында жасалат. Ыкчам маалымат боюнча, 13-декабрга карата Бишкек шаарында 450 автобус жана 115 троллейбус каттап жатат.
Айдоочулар үчүн квалификациялык талаптар сакталып калганын эске сала кетели.
Кошумчалай кетсек, бир жуманын ичинде 60тан ашык автобусту чыгаруу пландалууда.