“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорун тазалоо иштерин кызуу улантып, ошону менен бирге түнкү нөөмөт иштери жүргүзүлүүдө.
Алсак, түнкү нөөмөткө Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын 18 жумушчусу, 16 даана атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 4 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү 1 кум чачуучу унаа, 2 алдыңкы жүктөгүч, 4 щетка жана күрөктүү «Беларусь» трактору, 5 «УКМ-2500» универсалдуу техникасы чыкты.
Автобус аялдамаларын жана жол боюндагы тротуарларды кардан тазалоого 644 көчө тазалоочу, 35 даана атайын техника менен 120 жүктөгүч тартылган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 955 тонна техникалык туз сарпталган.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардыктарды жол коопсуздугун сактоодо этият болууга жана кызматташууга чакырат.