Кар жааган алгачкы күндөрдөн тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдорду тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышат.

Бүгүнкү күндө 800 тонна техникалык туз сарпталды.

Тазалыкчылар  түн бир оокумда линияга чыгышса, күндүз да жолду кардан тазалоо иштерин улантышууда. Маселен, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын коштоосунда атайын техникалар бир суткада төртүнчү жолу кезекке чыгышты.

Учурда борбор калааны кардан тазалоо үчүн 38ден ашык атайын техника, ошондой эле тротуарларды тазалоочу 43 даана атайын техника чыгып жатат.

Белгилей кетсек, карды тазалоого жол жээгине токтоп турган унаалар тоскоолдук жаратты.

Урматтуу жарандар, унаа сүйүүчүлөр! Бишкек мэриясы унааларды уруксат берилбеген жайларга токтотпоого, ошондой эле жолдордогу кырсыктарды болтурбоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырууга, ылдамдыкты сактоого жана учурдагы аба ырайында унаалардын ортосундагы аралыкты сактоого чакырат.