Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан мурда берилген билдирменин негизинде Орозбекова көчөсүнөн баштап Т. Молдо көчөсүнө чейин жайгашкан бастырмалар алынып салынды. 400 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Жеринде башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышты.

Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты өз билемдик менен орнотулган объекттерден, ошондой эле мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүү берилген.

Мындан тышкары, башкармалык тарабынан бир жума ичинде уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды орнотуу жана жер пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 18 протокол түзүлүп, 100 000 сомду түздү.