Бишкек шаарындагы шаардык кызматтар муниципалитетке болгон карызы үчүн Фере 32 А дарегиндеги муниципалдык турак эмес жайдан чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын, "Тазалык" МИнин кызматкерлери жеринде.
Р.А. Ильясов менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын (азыркы ДУМИ) ортосунда Фере 32А дареги боюнча муниципалдык объектти ижарага алуу келишими түзүлгөн.
Бирок, ижарачы тарабынан ижара акысын төлөө келишиминин шарттары системалуу түрдө бузулган.
Андан кийин Департамент тарабынан көчүрүү чечими кабыл алынган.
Урматтуу ижарачылар! Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти болгон карыздардын баарын жоюуну кайрадан эскертет! Андай болбосо, биз КР мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө аргасызбыз.