Ленин райондук комиссиясы муниципалдык администрациянын, райондук МАБнын, РИИБдин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, МСЭКБнын, мамэкотехинспекциянын, райондук архитектуранын жана Бишкек казыятынын өкүлдөрүнөн турган диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.
Диний иштерди жүргүзүүгө укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү иш-кагаздар жана мекемелердин жалпы санитардык абалы текшерилет.
Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар 2021-2026-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле сыйынуу үйлөрүнүн мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу жана Ленин районунун аймагындагы диний кырдаалды көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында өткөрүлүүдө.