Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын 10-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Мындан тышкары батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

11-декабрда Бишкекте кар жаашы күтүлөт, анын кесепетинен жолдор тегиз эмес жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

12-декабрдан 14-декабрга чейин Бишкекте жана анын айланасында абанын температурасынын төмөндөшү уланат. Абанын температурасы түнкүсүн  -20°C чейин төмөндөшү, күндүз -10 дон -15°C га чейин суук болушу күтүлөт.

Белгилей кетсек, автоунааларды туура эмес токтотуу жолдорду кардан тазалоого олуттуу тоскоол болууда. Андыктан, карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат.

Ошондой эле айдоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын тизмеси төмөндө тиркелет.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Борбор калаанын мэриясы күтүлгөн суук аба ырайын эске алуу менен зарыл чараларды көрүүнү сунуштайт.