Бишкектеги №75 мектеп-лицейинде гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында Биринчи май районунун башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, Биринчи май районунун жашы жете электердин иштери боюнча инспекторунун башчысы Максат Жапаровдун катышуусунда иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары зордук-зомбулук тууралуу сценка көрсөтүп, видеороликтер жана концерттик программа көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, аталган акция райондун бардык жалпы билим берүү уюмдарында активдүү өткөрүлүүдө.