Октябрь районунун прокуратурасынын демилгеси менен жалпы билим берүү уюмдарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Бишкек шаарындагы №18, №93 кесиптик лицейлерде, ошондой эле №14, №37 орто мектептеринде мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда "Биз коррупцияга каршыбыз", "Коррупцияга каршы күрөшүү, “Жоопкерчилик жана коррупциянын алдын алуу" темаларында ачык сабактар жана түшүндүрүү иш-чаралары өттү.

Иш-чарага Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жана ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышып, аталган маселе боюнча баяндама жасашты.

Белгилей кетсек, коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү жыл сайын 9-декабрда белгиленет.