Кечээ социалдык тармакта "Сармерден" ("Чоно Трейд" ЖЧК) ресторанынын өкүлдөрү тамак-аш калдыктарын канализацияга төгүп жаткан видео тасма жарыяланган. 


2023-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери "Бишкексууканал" ми,   №6 МАБнын өкүлдөрү менен биргеликте кайрылууну жеринде карашты. 


№6 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан 17 миң сомго КР Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык протокол түзүлдү. 


Маалымдама: 118-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерди жөнгө салуу, пломбаларды, саркынды сууларды чыгаруу жана борбордук жылытуу системаларынын люктарын жана кудуктарын ачуу, тээктерин жөнгө салуу, жылуулук, суу менен жабдуу системасынын нормалдуу иштешинин бузулушуна алып келүүчү пломбаларды жулуу, –

жеке жактарга – эсептик көрсөткүчтүн 55 өлчөмүндө, юридикалык жактарга-170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет.