Бишкек шаарында шаардык кызматтар кар менен активдүү күрөшүүдө. Борбор калаанын мэриясы 2023-жылдын 9-декабрынын саат 14:00го карды тазалоо боюнча маалымат даярдады. 


Алсак, учурда Биринчи май районунун аймагында 42 тонна техникалык туз сарпталды.


МАЗ базасында карды тазалоого 5 бирдик атайын техника тартылды. 


Төмөнкү көчөлөрдө кар тазаланып, техникалык туз себилди:

- Манас проспектиси; 

- Чүй проспектиси;

- Токтоналиев көчөсү; 

- Фучик көчөсү; 

- Ахунбаев көчөсү; 

- Профсоюз көчөсү;

   • Жибек-Жолу проспектиси; 

- М. Ганди көчөсү;

- Малдыбаев көчөсү;

- Горький көчөсү; 

- Киев көчөсү;

- Москва көчөсү; 

- Токтогул көчөсү; 

- Бөкөнбаев көчөсү. 


Ленин районунда 114 тонна техникалык туз сарпталып, линияга 6 даана атайын техника чыкты. 


Манас проспектиси, Чүй проспектиси, Токтогул көчөсү, Фучик көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Киев көчөсү, Жибек-Жолу проспектиси,Жаш Гвардия бульвары, Бейшеналиева көчөсү, Жайыл Баатыр көчөсү, Куюков көчөсү, Шералиев көчөсү, Кривоносов көчөсү, Чортеков көчөсү, Садырбаев көчөсү, Л.Толстой көчөсү, Т. Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсү, А. Масалиев көчөсү. 


Октябрь району боюнча 69 тонна техникалык туз сарпталды. МАЗ базасында 6 атайын техника, ЗИЛ базасында 1 унаа , фронталдык жүктөгүч базасында 1 унаа тартылды. 

Төмөнкү көчөлөрдө кар тазаланып, техникалык туз себилген:

- Байтик Баатыр көчөсү; 

- Түштүк магистраль;

- Каралаев көчөсү; 

- Ахунбаев көчөсү; 

- Душанбе көчөсү; 

- 7-апрель көчөсү; 

- Сухэ-Батор көчөсү;

- Жукеев-Пудовкин көчөсү;

- Н. Жетикашкаева көчөсү; 

- Анкара көчөсү; 

- Медеров көчөсү; 

- Суеркулов көчөсү; 

- Горький көчөсү. 


Свердлов районунда 41 тонна техникалык туз сарпталды. МАЗ базасында 5 бирдик тартылган. 


Төмөндөгү көчөлөрдө кар тазаланып, техникалык туз себилди: 

-Жибек-Жолу проспектиси; 

- Абдрахманов көчөсү; 

- Бөкөнбаев көчөсү; 

- Москва көчөсү; 

- Токтогул көчөсү;

- Ибраимов көчөсү; 

- Чүй проспектиси; 

- Ч. Валиханов көчөсү; 

- Фрунзе көчөсү;

- Көлбаев көчөсү; 

- Ауэзов көчөсү; 

- Лермонтов көчөсү; 

- Элебесов көчөсү; 

- Гидростроитель көчөсү; 

- Щербаков көчөсү; 

- Баялинов көчөсү; 

- Орозбеков көчөсү; 

- Курманжан датка көчөсү; 

- Салиева көчөсү; 

- Осмонкул көчөсү. 


Синоптиктердин айтымында, кар тынымсыз жаайт. Белгилей кетсек, "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн түнү менен кайрадан тазалап чыгат.