«Тазалык» муниципалдык ишканасы түнкүсүн карды тазалоо иштерин ыкчам баштады.
Түнү менен жолдорго туз чачуу иштери башталды. 2023-жылдын 8-декабрында саат 20:00дөн 9-декабрь саат 10:00гө чейин 264 тонна өндүрүштүк туз колдонулду.
Белгилей кетсек, борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери көмөк көрсөтүүдө.
Линияда 39 атайын унаа чыкты, алардын ичинен МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч,4 щетка жана күрөктүү “Беларусь” трактору, 5 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык унаа.
Кар жолдордон гана тазаланбайт. Учурда көчө тазалоочулар тротуарларды тазалап, жолдун унаа кириш жактарын тазалап жатышат. Кар менен күрөшүү үчүн ишкананын бардык кызматкерлери линияга чыгышты.