Биринчи Май районунун жалпы билим берүү уюмдарында “Аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акция” декадасы өтүүдө.

Декаданын алкагында мектептерде "Толеранттуулукту үйрөнөбүз", "Үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө эмнелерди билебиз?", "Биз аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршыбыз", "Бирге ынтымактуу үй-бүлө", "Чыр-чатаксыз дүйнө" жана "Адам укуктарынын эл аралык күнү" деген темаларда класстык сааттар өтүүдө.

Ошондой эле, окуучулар сүрөт жана плакаттар конкурсуна катышууда.

Белгилей кетсек, “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” – бул жыл сайын өтүүчү эл аралык кампания, ал 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрга, Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин уланат.