Мыйзамсыз сооданы жоюунун алкагында Свердлов акимиатынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери "Ак-Эмир" базарынын жанындагы башаламан сооданы тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Жеке жактарга башаламан сооданы уюштуруу үчүн КР "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 434-беренеси боюнча жалпы суммасы 12 000 сомго 4 протокол түзүлдү.
Белгилей кетсек, муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери көчө соодасынын алдын алуу үчүн күн сайын "Ак-Эмир", "Аламедин" базарларынын, "ЦУМ", "ГУМ" соода борборлорунун жанында нөөмөттө турушат.