Октябрь районунда 2023-жылдын 1-декабрынан 5-декабрына чейин "Мектеп лигасы" программасынын алкагында №88 орто мектептин спорттук базасында шахмат боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Турнирге балдардын 16 командасы жана кыздардын 14 командасы катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга ээ болушту:
1 орун- №62 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин командасы;;
2-орун - "Газпром" мектебинин командасы;
3-орун- Г.Гмайнер атындагы окуу-тарбия комплексинин командасы;;
3-орун- №64 мектеп-гимназиясынын командасы.

кыздар арасында:
1-орун - А.С.Пушкин атындагы №17 гимназия мектебинин командасы;
2-орун - №64 мектеп-гимназиясынын командасы;
3-орун - №37 мектеп-гимназиясынын командасы;
3-орун - Г.Гмайнер атындагы окуу-тарбия комплексинин командасы.

Белгилей кетсек, мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти уюштурууда.