Бишкек шаардык мэриясынын жыйындар залында борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Анда  жол тыгыны  боюнча көйгөйлөр, айрым жолдордо унаа кыймылынын багыттарынын өзгөрүшү, 2024-жылы Бишкектин бобордук бөлүгүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына суткалык чектөө, андан тышкары Асудд - борбордо ишке ашырылып жаткан жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен шаардык кызматтарга тапшырма протоколу түзүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым көчөлөрдөгү жол белгилерин жана сызыктарды өзгөртүү боюнча кесилиштерди уюштуруу схемалары макулдашылган.