Күз-кыш тазалоо мезгили 1-ноябрдан башталып, марттын башында аяктайт.
Шаардык жолдордун өтүүчү бөлүгүнөн карды 38 атайын унаа тазалайт, анын ичинен МАЗ базасында кар тазалоочу 25 даана унаа, ЗИЛ-130 базасында кум чачуучу 1 унаа, 2 данаа фронталдык жүктөгүч, щетка жана күрөк менен 5 Беларусь трактору, "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык 5 автоунаа.
Аялдамалардан жана жолдордун жээгиндеги тротуарлардан карды тазалоо учурдагы жолдорду күтүү боюнча 715 жумушчу жана 121 жүк ташуучу тарабынан автосамосвалдарга кол менен жүктөө аркылуу ишке ашырылат.
Кыш мезгилине 1,5 тонна туз, 4 миң тонна жуулган кум даярдалып, кум эң акыркы чара катары колдонулат.
Оперативдүүлүк үчүн төмөнкү диспетчердик кызмат түзүлдү: 0 (312) 34 00 21.
Урматтуу айдоочулар, сураныч, унааларыңыздарды кышкы дөңгөлөкө которууну унутпаңыздар, кышкы дөңгөлөктөрдү өз убагында алмаштыруу коопсуздукту камсыздайт, ошол эле учурда жаан-чачын дарактардын бутактарынын салмагына таасирин тийгизет, кырсыктардан жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн унааларыңызды бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоңуздар.
Жылуу кийинип, тайгак жолдордо жана тротуарларда этият болуңуздар.