«БЖАИ» муниципалдык ишканасы №38 маршруттук каттамда жүргөн ZHONGNONG үлгүсүндөгү автобустун жол кырсыгына кабылгандыгына байланыштуу, айдоочулар арасында жыйын өткөрдү.
Жыйынга Бишкек шаарынын прокурору Исланбек Кудакеев, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын подполковниги Медер Шайкыдинов, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков, «БЖАИ» муниципалдык ишканасынынын директору Талант Капаров, ишкананын кызматкерлери, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.
Ошондой эле, накталай эмес төлөм системасына толук өтүүдө пландын аткарылышы туралуу маселе көтөрүлүп, жүргүнчүлөрдөн накталай эмес төлөм жүгүртүүсүн талап кылуу, айдоочуларга коюлган баардык талаптарды жана эрежелерди сактоо талкууланды.
Жыйындын натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.