Жумушчу сапардын алкагында Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов Нариманов жана Алтай тилкелеринин кесилишиндеги жаңы сейил бактын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар сын-пикирлер айтылды, тактап айтканда: объектти бүткөрүү мөөнөтүнүн бузулушу, бир катар көрктөндүрүү элементтеринин жоктугу, балдар аянтчасынын толук эместиги, көлөкө чатырларды жарыктандыруу үчүн электр зымдарынын сапатсыз орнотулушу.
Жыйынтыгында жетекчи айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен ишти аягына чыгарууну тапшырып, жашыл бурчту курууда жеке жоопкерчилик туурасында эскертти.
Белгилей кетсек, аянтта «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы иштеп жатат, иш 90% бүттү, жашыл аянттын аянты 0,8 гектар, брусчаткалар төшөлүп, көчө жарыктандыруучу мамылар, отургучтар, сугат лотоктору, ворк-аут аянт орнотулуп, андан ары жашылдандыруу менен газон чөптүн үрөнү себилди.