Биринчи май районунун аймагындагы "Көлмө" конушунда, Мидин жана Республиканская көчөлөрүнүн кесилишинде тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуучу дагы бир пункт пайда болду.

Иштин жыйынтыгы менен акимчиликтин кызматкерлери жана Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү таанышып, мекемени муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча документтер жеринде кабыл алынды.

Улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын 6 евро контейнерлер орнотулуп, таза суу, канализация жана электр энергиясы тартылып, таштандыларды сорттоочу бөлмө жабдылган.

Долбоордун максаты: шаардыктарга катуу таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо, жеке ишканаларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Эскерте кетсек, курулуш материалдарын БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму  сатып алып, орнотууну “Тазалык” муниципалдык ишканасы жүргүзгөн, ал эми ишти Биринчи май акимиаты төлөгөн.

Бул багыттагы иштер улантылууда.