Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жана шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери   менен биргеликте коомдук транспортторду кышкы мезгилге даярдоо, тамеки чегүүнү, унаа айдап баратканда уюлдук телефондорду колдонууну чектөө жана башка укук бузуулар боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Буга чейин Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана жеке ташуучу компаниялардын жетекчилери менен кеңешме өткөргөн.

Күн тартибине ылайык, коомдук транспорттордун жылытуу системасын жөнгө салуу, кышка дөңгөлөктөрдү даярдоо, аккумуляторлордун иштөөсүн жана техникалык абалын көзөмөлдөө, аптечкаларды жана өрт кабарлагычтарды текшерүү, айдоочулардын жол эрежесин сактоо, жол кыймылынын эрежелерин сактоо, ошондой эле жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү аялдамаларда гана аткарылышы керектиги  талкууланды.

Мындан тышкары айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуудагы маданиятын жогорулатуу жана жол кире акысын бекитилген эрежелерге жана тарифтерге ылайык көзөмөлдөө маселесин карады.

Муниципалдык ишканаларга жана жеке жүк ташуучу компаниялардын жетекчилерине айдоочулардын квалификациясын жогорулатуу, коомдук транспорттун ички жана тышкы санитардык абалын көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды уюштуруу тапшырылды.

Ошондой эле күз-кыш мезгилине карата коомдук транспортту көзөмөлдөө, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын автобустарынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгынын троллейбустарынын артына «Жол бер» жол белгисин орнотуу, тазалыкты көзөмөлдөө маселелери жана айдоочулардын сырткы көрүнүшү, GPS-навигаторду ишке киргизүү, трекерлерге мониторинг жүргүзүү жана трекерлерди өз алдынча өчүргөн айдоочуларга чара көрүү талкууланды.