Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев райондук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте «Кызыл-Ордо» жана «Орто-Сай» базарларындагы ишкерлерге кассалык аппараттарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен иштөөнүн артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтык буклеттер таратылды.

Мындан тышкары, ишкерлерге кеңеш берүү үчүн базарлардын аймагынан салык кызматынын кызматкерлери үчүн атайын жумуш ордун берүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Октябрь районунун базарларында 960 адам ишкерлик менен алектенет.