Ленин районунун администрациясынын жыйындар залында аппарат жетекчиси Гульмира Джитишикованын төрагалыгында "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу боюнча МАБдын начальниктеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда кеңешме  өттү.

МАБдардын "Санариптик аймак" маалыматтык системасына үй ээлик кылуу жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө жана толтурууда пайда болгон көйгөйлөр талкууланды.

Катышуучулар тарабынан бул боюнча бир катар сунуштар айтылып, келечектеги иш-аракеттер жана  пландар талкууланды.

Натыйжада, бул системалардын иштешин ишке ашыруу жана орнотуу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Маалымат үчүн. Урматтуу шаардыктар! "Санариптик Аймак" маалыматтык тутумундагы үйлөргө ээлик кылуу жөнүндө маалыматтарды толтуруу маселелери боюнча кошумча маалыматтарды төмөнкү байланыш номерлери аркылуу алууга болот:
№ 1 МАБы – 0312 65 38 70
№ 2 МАБы – 0312 41 62 38
№ 3 МАБы – 0312 41 03 69
№ 4 МАБы – 0312 44 43 10
№ 5 МАБы – 0312 25 60 22
"Чоң-Арык" МАБы- 0312 55 02 23