Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов жолдорду жана тротуарларды текшерүүнү улантууда.

Текшерүүгө акимдин  орун басары, №18 МАБнын жетекчиси, ошондой эле «Бишкекасфальтсервис» МИ  өкүлдөрү катышты.

Жетекчи алгач Саратов көчөсүндөгү жол оңдоо иштерин текшерди. Учурда Буденный көчөсүнөн Пархоменко көчөсүнө чейин 400 метрге жакын асфальт төшөлүп, Пархоменко көчөсүнөн Кантемиров көчөсүнө чейин 200 метрге жакын асфальт төшөө үчүн даярдалууда. Курулуш нормаларына туура келбеген фактылар аныкталгандыктан, аким «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына ишти убактылуу токтотууну тапшырды.

Андан соң Комсомольская көчөсүндөгү жолдун курулушу менен таанышты. Учурда кум-шагыл аралашмасын толтуруу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, Ибраимов көчөсүндөгү Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин бүткөрүлгөн тротуарга текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда жетекчи айрым жерлерге асфальт төшөө, байланыштарды түздөө жана тротуарга унааларды өткөрбөй турган тосмолорду орнотууну тапшырды.