Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасын аткаруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте төмөндөгү мыйзам бузуулар боюнча рейд өткөрдү:

- курулуш объекттеринде коопсуздук талаптарын сактоо жөнүндө;
- тосмолордун эстетикалык көрүнүшү;
- долбоорлонгон курулуш аянтынан тышкары кошумча курулуш элементтеринин орун алышынын мүмкүн болгон фактыларын аныктоо;
- таштандыларды өз алдынча сактоого, инженердик тармактарды орнотуудан улам учурдагы жолдорду жана тротуарларды бузууга;
- курулуш аянтынан чыгууда унаа жуугуч жабдуулардын болушу.

Мындай иш-чаралардын максаты – тартипке келтирүү жана жаңы укук бузуулардын алдын алуу.

Шаардын айланасындагы рейддин жыйынтыгында 16 курулуш объектилери текшерилип, муниципалдык инспекция тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 129 000 миң сомдук 9 протокол түзүлдү:

- «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 000 миң сом өлчөмүндө;
- «Браво Билд» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 000 миң сом өлчөмүндө;
- «АЗМ-Строй» ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 000 миң сом өлчөмүндө;
- «Квентин» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 000 миң сом өлчөмүндө;
- 114-берене боюнча «Аалам Строй» ЖЧКсына 13 000 миң сом;
-  «Экспо Курулуш Строй Компани» ЖЧКсына 14-берене боюнча 13 000 миң сом;
- «Голден Констракшн» ЖЧКсынан 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 000 миң сом;
- «Эм Эс Билдинг» ЖЧКсы 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 000 миң сом өлчөмүндө;
- «Семак Констракшн» ЖЧКсы 107-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 5000 сом өлчөмүндө.

Урматтуу шаардыктар! Текшерүү көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталганда тартип бузгандар күнөөсүн мойнуна алып албаганына карабастан жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.