Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов жеринде жолугушууларды улантууда.

№12, 14 МАБнын жетекчилери, ошондой эле "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.  

Алгач аким Панфилов көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты, учурда Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин батыш тарабына 500 метрге жакын асфальт төшөлүп бүттү, бүгүн подрядчы Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин узундугу 330 метрге жакын асфальт төшөө иштерин жүргүзүшөт.

Андан соң Көлмө конушундагы шагыл толтуруу маселеси чечилип, бул иштерди 16 көчөдө жүргүзүү пландалууда.

Бул багыттагы текшерүү иштери уланууда.