Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №169 Жарлыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын «Муниципалдык кызматчыларды аттестациялоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Биринчи май райондук акимчилигинин жана МАБнын кызматкерлерин аттестациялоо аткарылды.

Жобого ылайык, комиссиянын курамына акимчиликтин, адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Бишкек шаарынын мэриясынын коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлери, жарандык сектордун өкүлдөрү кирди.

Аттестация үч этап менен өттү: түздөн-түз жетекчини баалоо, мыйзамдарды билүү боюнча компьютердик тестирлөө, логикалык тест жана акыркы этап маектешүү, аттестация 4-5-декабрда өткөрүлгөн.

Кызматкерлерди баалоонун жыйынтыгы менен жыйынтыктоочу баллдар ыйгарылат.