Муниципалитеттин жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында 2023/2024-жылдын күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана анын башталышы жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын  жана 2023-жылдын 9 айына карата мэрияга караштуу түзүмдү  бөлүмдөрүндөгү ички аудиттин жыйынтыктары жөнүндө коллегия   өттү.

Биринчи тема боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаментинин директору Ильяс Жолоев баяндама жасады. Ошондой эле төрт райондун башчылары Жыргалбек Шакиев, Жаныбек Орозалиев, Мурат Осмонов жана Алтынбек Кутманов, Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Улан Сапаров, "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК филиалынын Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов, "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын башкы директору Уран Раимбеков жана "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын директору Жамалбек Ырсалиев кошумча сөз сүйлөштү.

Экинчи тема боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын ички аудит бөлүмүнүн башкы адиси Батыр Искитов сөз сүйлөдү.

Баяндамачылар күз - кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча аткарылган иштер тууралуу айтып беришти, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын ички аудит бөлүмү тарабынан 2022-2023-жылдарга бекитилген иш пландарды аткаруу боюнча аткарылган иштер жөнүндө баяндама угушту.

Коллегиянын жүрүшүндө баяндамачыларга суроолор берилип, айрым маселелер боюнча сунуштар киргизилди.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрацияларына күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча төмөнкү тапшырма берилди:

- отун базаларында көмүрдүн болушуна туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү  жана отун базаларынын жетекчилери, көмүр жеткирүүчүлөр менен отун базаларында күн сайын сапаттуу көмүрдүн болушун камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү;

- КР экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте отун базаларында жана көмүр сатуу пункттарында көмүрдүн баасын контролдоо боюнча иштерди жүргүзүү;

-шаардын конуштарында  санитардык-экологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоо менен калкка көмүр сатуу боюнча кошумча стационардык пункттарды ачуу боюнча чараларды көрүү;

- калк менен ишти активдештирүү, отунду өз убагында даярдоо, турак үйлөрдү газ менен жылытууга кошуу жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу маселелери боюнча жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу;

- "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын "Бишкекгаз" филиалы, "Айыл Банк" жана "РСК Банк" банктары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2023-жылдагы24-октябрындагы №643-р буйругу менен бекитилген "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо жөнүндө" долбоорун ишке ашыруу;

-  кыш мезгили ичинде жума сайын Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаментине отун базаларында жана көмүр сатуу пункттарында көмүрдүн бар экендиги жөнүндө маалымат берип туруу тапшырылды;

- "КУЭС" ААК-Бишкек ПЭС филиалынын директору трансформаторлорду алмаштырсын, кошумча трансформатордук подстанцияны орнотуу жана электр берүүнүн кабелдик линияларын реконструкциялоо боюнча иштерди аяктасын;

- "Бишкекжылуулукэнерго" КИ 2023/2024-жылдын жылытуу мезгилинде откана жабдууларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы менен биргеликте  2024-жылга электр отканаларын отундун альтернативдүү түрүнө которууну кароосу зарыл;

- Бишкек шаарынын ЖЭБи 2023/2024-жылдын жылытуу мезгилинде жылуулук берүүчү жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын жана отун берүүнү тездетүү боюнча чараларды көрсүн, бекитилген графиктерден артта калууга жол бербеши керек;

- 2023/2024 - жылдын күз - кыш мезгилинде "КУЭТ" ААК-Бишкек ЖЭБ филиалы, "Электр станциялары" ААК - "Бишкекжылуулуктармагы" ААК филиалы, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы шаардын бардык керектөөчүлөрүн электр жана жылуулук менен ишенимдүү жабдууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

- "Газпром Кыргызстан "ЖЧК "Бишкекгаз" филиалы газдаштырылган конуштарда  турак үйлөрдү газга кошуу боюнча монтаждоо иштерин жүргүзүүнү күчөтсүн, калкты газ менен камсыздоо тармактарына кошуу ишин активдештирсин;

- Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы кошумча тизме боюнча билим берүү объекттерин капиталдык оңдоону аяктасын;

- "Тазалык" муниципалдык ишканасы атайын техниканы даярдасын жана кыш мезгилинде шаардык жолдорду тейлөө үчүн техникалык тузду өз убагында даярдоону камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын начальниги 2024-жылга шаардык бюджетти түзүүдө "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин калган электр отказандарын  отундун альтернативдүү түрүнө өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн финансылык каражаттарды бөлүүнү карасын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти Бишкек шаарынын мэриясына ай сайын маалымат берүү менен Бишкек шаарында 2023/2024-жылдын жылытуу мезгилинин өтүшүн контролдоону ишке ашырсын.

Ошондой эле ички аудит боюнча Бишкек шаарынын мэриясына караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн арасында жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу боюнча иштер жетишсиз экендиги белгиленген.

Талкуунун жүрүшүндө сунуштар киргизилип, коллегиянын чечими менен КР мыйзамдарына ылайык тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.