Шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, бир нече кичи автобустар жаңы автобустарга алмаштырылган. Буга чейин жарандарды тейлөө үчүн 320-330 автобус каттаса, бүгүнкү күндө каттамда 427 автобус бар. Ошондой эле автобустардын аралыгын кыскартуу максатында ар бир каттамдагы кыймылдуу курам кошулган.
Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жаңы программалар орнотулуп, анын негизинде автобуска кирген жүргүнчүлөрдүн агымын жана айдоочулардын айдоо стилин көзөмөлдөөгө болот.
Салондун тазалыгы, айдоочулардын тыкан келбети да кылдаттык менен көзөмөлдөнүп, күнүмдүк текшерүүдөн кийин гана каттамдарга чыгарылат.
Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу ташууну камсыз кылуу, ошондой эле накталай эмес төлөм системасына толук өтүү планын аткаруу максатында айдоочулар тарабынан эреже бузууларды аныктоо боюнча рейддерди улантууда.
Бүгүнкү күндө толук накталай эмес төлөмгө өтүү жана ишкананын бюджетин көбөйтүү максатында Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын жана Бишкек троллейбус башкармалыгынын 60 кызматкери күн сайын каттамдарды көзөмөлдөп турушат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын коомдук транспорт маселесин толугу менен чечүү максатында жаңы автобустардын келиши күтүлүүдө. Акырындык менен бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат, аларды 1500гө жеткирүү пландалууда.Ошондой эле келечекте бардык айдоочулар бирдиктүү формага өтүшөт.